2021-жылдын 1-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, аймактарды сугат суу менен камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, донорлор жана эл аралык уюмдардын каржылоосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө сөз болду.
Министр Аскарбек Джаныбеков өз сөзүндө, суу чарба тармагындагы иригациялык 4 обекти ишке ашыруу максатында инвестициялык жакатан каржылоо сунушун билдирди.
Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова министрлик тараптан берилген сунуштарды ишке ашырууга аракеттерди көрөрүн айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап айыл чарба багытындагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу менен тыгыз кызматашууга даяр экендигин билдиришти.